SerepTV Logo

Элчилик: "Казань шаарында көз жумган 19 жаштагы кыргыз кыз зордукталган эмес"

Элчилик: "Казань шаарында көз жумган 19 жаштагы кыргыз кыз зордукталган эмес"
Кыргызстандын ЖМКлары жана соцтармак колдонуучулары Казань шаарында көз жумган 19 жаштагы кыздын өлүмүнүн себеби боюнча ар кандай такталбаган маалыматтарды таратып жатышат. Кыз көп кабаттуу үйдөн кулап көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка караганда, элчилик Казань шаарынын тергөөчүлөрү менен иш алып барышууда. Учурда окуянын жагдайлары аныкталып жатат. Экспертизалар алынган, жыйынтыгы 30 күндөн кийин даяр болот. "Ошол эле учурда укук коргоо органдарынын маалыматы менен Кыргыз жаранынын зордуктоо фактысы жокко чыгарылган. Мындан тышкары, элчилик кыздын сөөгүн мекенине жөнөтүүгө жардам берген эмес деген маалымат да чындыкка дал келбейт. Себеби элчиликке оозеки түрүндө да, жазуу түрүндө да кайрылуу түшкөн эмес", - деп айтылат маалыматта. Ошондой эле элчилик жалган маалыматтарды таратпоого чакырды.