Элчи Орусияда ата-энесинин камкордугусуз калган кыргыз балдардан кабар алды
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат ата-энесинин камкордугусуз калган кичинекей балдар (2 жашка чейин) жашаган "Центральный" үй-бүлөлүк билим берүүгө көмөк көрсөтүү борборуна барып, наристелердин абалы менен таанышып кайтты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Элчи кыргыз балдарынын ден-соолугунун абалы, аларды кармоо шарттары, наристелерди Кыргызстанга алып келүүдө чечилиши керек болгон маселелер менен таанышты. "Центральный" үй-бүлөлүк билим берүүгө көмөк көрсөтүү борборуна балдар үчүн жеке гигиена каражаттары түрүндө жардам көрсөтүлдү. Борбордун директоруна балдарды тарбиялоодогу баа жеткис эмгеги жана асыл миссиясы үчүн ыраазычылык каты тапшырылды", - деп айтылат билдирүүдө.
Элчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу өкүлдөрү жок, ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек жарандардын укуктарын коргоо маселелерине, ошондой эле аларды өлкөгө кайтаруу жол-жобосун жүзөгө ашырууга өзгөчө көңүл бурат.
