SerepTV Logo

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы айылдарды колдоого 17 млн доллар бөлөт

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы айылдарды колдоого 17 млн доллар бөлөт
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Бүткүл дүйнөлүк банк) айылдарды колдоо үчүн кошумча 17 миллион доллар бөлөт. Анын 8,5 миллион доллары грант түрүндө, 8,5 миллион доллары насыя түрүндө берилет. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кошумча каржылоо боюнча келишим өкмөт тарабынан жактырылып, ага экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков кол койгон. Долбоор экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртууга жана айылдарда алгачкы медициналык-санитардык жардам жана гигиеналык каражаттардын жеткиликтүүлүгүнө багытталган.
Unknown Author