SerepTV Logo

Эл акыны Рамис Рыскулов 87 жашында көз жумду

Эл акыны Рамис Рыскулов 87 жашында көз жумду
Кыргыз Республикасынын Эл акыны Рамис Рыскулов 87 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти. Рыскулов Чүй облусунун Москва районунун Кызыл-Туу айылында 1934-жылы 9-сентябрда туулган. 1951-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Москва шаарындагы ВЛКСМ Борбордук Комитетине караштуу Борбордук Комсомол мектебине жөнөтүлгөн. Бул мектептеги 2 жылдык окуудан кийин Максим Горький атындагы Бүткүл Союздук адабият институтуна тапшырган. Эмгек жолун «Кыргызстан пионери» гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган, кийин «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында, 1959-1960-жылдары «Ала-Тоо» журналынын редакциясында эмгектенген. Анын ырлары «Кыргызстан маданияты», «Эркин Тoo» жана башка гезит беттеринде жарыяланган. Акындын биринчи ырлар жыйнагы 1959-жылы “Жаз” деген аталышта жарык көргөн. Ал кыргыз тилине Пушкин, Маяковский, Некрасов, Вознесенский, Алимжан жана башкалардын чыгармаларын которгон. 1986-жылы «Ырлар» жыйнагы Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон. 1996-жылы – “Кыргыз Республикасынын Эл акыны” ардак наамын алган.
edita