SerepTV Logo

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков сурактан чыкты

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков сурактан чыкты
Бүгүн, 18-сентябрда экс-президент Сооронбай Жээнбеков УКМКга суракка чакырылганы белгилүү болгон. Ал сурактан чыкканын ЖМКлар өз булактарына таянуу менен жазып чыгышты. Сооронбай Жээнбеков УКМКда болжол менен 3 сааттай болду. Сурак "Кумтөргө" байланыштуу экени да айтылды. Буга чейин ал 12-августта да сурак берген. Бирок УКМК бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.