Экс-президент Сооронбай Жээнбеков өлкөгө кайтып келгени айтылууда
Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков дем алыш күнү Бишкек шаарына учуп келди. Маалыматты анын жакын адамдары журналисттерге ырастаган.
Экс-президент жубайы менен 2-февралда Сауд Аравияга ажылык сапарга 10 күнгө учуп кеткен болчу.
Буга чейин Сооронбай Жээнбеков мурунку вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна чакырылган эле.
Мындан тышкары, 5-6-октябрдагы башаламандыкта жаракат алгандар мурунку президентке каршы ИИМге жана УКМКга арыз менен кайрылган болчу.