SerepTV Logo

Экс-депутат Исхак Пирматов эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

Экс-депутат Исхак Пирматов эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Пирматовдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, Исхак Пирматов тергөө менен кызматташа баштаган. Мурдагы депутат 31-майда УКМК тарабынан кармалып, анын коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Анын бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, 31-июлга дейре УКМКнын СИЗОсуна камалган. Ал эми 13-июлда ден соолугуна байланыштуу  «Бикард» менчик клиникасына жаткырылганы айтылган.