Экс-депутат Абиров: "Жакын адамыңды жоготуу оор, жан дүйнөң ээнсирей түшөт"
6-ноябрда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Абировдун атасы Болотбек Абиров көз жумган. Мурдагы эл өкүлү соцтармактагы баракчасына билдирүү жарыялады.
"Жакын адамыңды жоготуу оор, жан дүйнөң ээнсирей түшөт. Эки күн мурун менин аска-зоом, тирегим болгон атам акка моюн сунду. Ал мага жашоодогу кыйынчылыктарды жеңип өтүүгө, өз принциптериңден тайбоого үйрөткөн. Мен атама татыктуу уул болууга, ал үйрөткөндөй ар-намыс, адамдарга болгон ишеним, сүйүү менен өмүр сүрүүгө аракет кылууга убада берем", - деп жазылат билдирүүдө.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="259716,259717,259718,259715"]