SerepTV Logo

Экинчи ирет. Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугат

Экинчи ирет. Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугат
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугат. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине депутат Айсулуу Мамашова тастыктады. Жолугушуу бүгүн, 27-июлда саат 18:00гө белгиленген. Депутат айым жолугушууда эмне маселелер талкууланат азырынча белгисиз экендигин айтты. Ал эми президенттин маалымат катчысы бул боюнча үн ката элек. Буга чейинки жолугушуу 21-июлда «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясында болуп өткөн.