SerepTV Logo

"Эки чоң топ бул кызматка өздөрүнүн кишисин алып келүүнү каалап жатат": Акин Токталиев муфтияттагы чуу боюнча пикирин билдирди

"Эки чоң топ бул кызматка өздөрүнүн кишисин алып келүүнү каалап жатат": Акин Токталиев муфтияттагы чуу боюнча пикирин билдирди
Бул бийликтин саясий иши болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку директору Акин Токталиев билдирди. Анын айтымында, Гайпкулов жана Ташиев бул кызматка өз кишисин алып келүүнү каалап жатышат. “Бул таза саясий иш болуп жатат. Бийликтин саясий иш жүргүзгөнү. Муфтиятка эч качан УКМК кийлигишпеши керек болчу. Анткени муфтият мамлекеттик орган эмес. Алардын өзүлөрүнүн кеңеши, текшерүү комиссиясы бар. Бул саясий иши муфтиятты алыш керек болуп калды. Себеби жакында ажылык башталганы жатат. Бул жерде чоң эки топ иштеп жатат. Ал эми президент бул эки топту билбейт. Биринчи топ - Гайпкуловдуку. Ташиев деген бар. Ал экинчи топ. Ушул эки топ бул кызматка өзүлөрүнүн кишисин алып келүүнү каалады. Мен айткам бардыгы мыйзам ченемде болсун деп”,- деди ал.
edita