SerepTV Logo

Эки жылдан бери дайынсыз болуп жаткан 41 жаштагы жаран Оштон табылды

Эки жылдан бери дайынсыз болуп жаткан 41 жаштагы жаран Оштон табылды

Баткен облусунда эки жылдан бери издөөдө жүргөн жаран табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Самаркандек айылынын 41 жаштагы тургуну 2019-жылдын 20-октябрь күнү өзү жашаган үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп издөөдө жүргөн. 26-май күнү Баткен райондук милициясынын кызматкерлери издөөдө жүргөн 1978-жылы туулган Анарбай Базарбаевдин жүргөн жерин аныктап, Ош облусунун Ноокат районунан таап келип туугандарына өткөрүп беришти.