SerepTV Logo

Эки жумадан бери изделип жаткан Раяна "Ош базардан" табылды

Эки жумадан бери изделип жаткан Раяна "Ош базардан" табылды
Эки аптадан берип изделип жаткан 15 жаштагы Раяна табылганын Бишкектин Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. 4-декабрда Бишкек шаарына караштуу Кут жаңы конушунун тургуну милицияга кайрылган. Анда ал 15 жаштагы кызы Раяна 3-декабрь күнү эртең мененки саат 7:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин билдирген. Милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүү учурунда “Коопсуз шаар” системасы аркылуу "Ош базарда" жүргөндүгү аныкталып, 19-декабрь күнү табылды.