SerepTV Logo

"Эки бала жерде жатат" деген видео боюнча милиция маалымат берди

"Эки бала жерде жатат" деген видео боюнча милиция маалымат берди
Кечээ, 23-февралда социалдык тармактарда "Ак-Ордо жаңы конушундагы көчөдө эки бала жерде жатат. Таанысаңар айтып койгулачы" деген видео тараган. Бул окуя боюнча Ленин РИИБден маалымат беришип, аталган факты каттоого алынганын билдирди. "Бул факты боюнча милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Учурда өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери менен профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Өспүрүмдөр ата-энелерине өткөрүлдү",- деп айтылат маалыматта. https://static.bulbul.kg/mp4/4/103164.0e390a922d373c184cfcb764952eb69b.360.mp4