SerepTV Logo

Эки айдан кийин бардык каалоочулар эмдөөдөн өтө алат

Эки айдан кийин бардык каалоочулар эмдөөдөн өтө алат
Республика боюнча бардык жарандарды эмдөөдөн өткөрүү жакынкы 2 айдан кийин жеткиликтүү болот. Мындай маалымат саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радионун" эфиринде айтты. Министрдин билдиргенине ылайык, республиканын бардык калкын коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өткөрүү 2 айдан кийин жеткиликтүү болот. Учурда Бишкек, Ош шаарларында, Чүй өрөөнүндө жүргүзүлүүдө. Ал үчүн 100 дарыгер атайын окуудан өтүшкөн. COVID-19га каршы эмдөө үчүн Кытайдын "SinoPharm" компаниясы чыгарган вакцинасы колдонулууда. Аталган өлкө 75 миң адамга жеткидей вакцина берген.
Unknown Author