SerepTV Logo

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда баа кескин өстү

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда баа кескин өстү

2021-жылдын ноябрында Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр арасында инфляциянын эң жогорку деңгээли Кыргызстанда белгиленди. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. 

Ушул жылдын ноябрь айында Кыргызстанда инфляция 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу 9,7 пайызды түздү. Беларуста бул көрсөткүч бир аз төмөн – 9 пайыз. Эң төмөн инфляция Арменияда – 6 пайыз. «Инфляциянын өсүшүнө азык-түлүк товарларына (11 пайызга), азык-түлүк эмес товарларга (10 пайызга) жана кызмат көрсөтүүлөргө (5,1 пайызга) баалардын өсүшү таасир эткен», - деп айтылат маалыматта.