SerepTV Logo

Дүйнөлүк банк: "Быйыл Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли дагы өсөт"

Дүйнөлүк банк: "Быйыл Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли дагы өсөт"
2021-жылы Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли дагы 4 пайызга өсүп, 35 пайызга жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Хасан Накви билдирди. Мындай кейиштүү абалды Хасан Накви эки себеп менен түшүндүрдү. Биринчиси - киреше булактарынын жоголушу жана экинчиси - 2020-жылы 12% жеткен азык-түлүк инфляциясы. Анын айтымында, бир жыл мурун дүйнө өлкөлөрү пандемия алардын экономикалык көрсөткүчтөрүнө канчалык деңгээлде терс таасирин тийгизерин түшүнүшкөн эмес. Кирешеси жагынан төмөнкү спектрге жакыныраак болгон Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр үчүн бул өтө олуттуу сыноо болду: эгерде өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасы 4,4 пайызга төмөндөсө, анда Кыргызстан үчүн бул көрсөткүч 8,6 пайызды түздү. Кыргызстанда коронавирус пандемиясы менен байланышкан социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү кризистен тышкары, саясий мүнөздөгү көйгөйлөр дагы жалпы кырдаалга таасир этип жатат, деп белгилейт Навид Хасан Накви. Дүйнөлүк банк кеңсесинин башчысынын айтымында, экономиканы калыбына келтирүү, калктын жыргалчылыгын жогорулатуу жана токтоп калган долбоорлорду калыбына келтирүү үчүн бардык саясий процесстерди тез арада аяктоо керек. Пандемия фонунда 2020-жыл Кыргызстандын экономикасы үчүн акыркы 26 жылдагы эң начар жыл болду - республиканын ички дүң продуктусунун көлөмү 8,6 пайызга төмөндөдү. Былтыр инфляция 9,7 пайызга жеткен. Баарынан көп азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар кымбаттаган - 17 пайызга. 2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча калктын акчалай кирешелери 5 пайызга төмөндөгөн. Мына ушулардын кесепетинен жакырчылык деңгээли 31 пайызга чыгып кеткен. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2019-жылы жакырчылыктын деңгээли 20 пайызды түзчү.
Unknown Author