SerepTV Logo

ДССУ Кытайдын "Синофарм" вакцинасын каттоодон өткөрдү

ДССУ Кытайдын "Синофарм" вакцинасын каттоодон өткөрдү

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Кытайдын коронавируска каршы "Синофарм" вакцинасын колдонууга уруксат берилген вакциналардын катарына киргизди. Бул тууралуу "Новости ООН" жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, вакцинаны 18 жаштан улуу адамдарды эмдөө үчүн колдонууга уруксат берилген. Кытай вакцинасынын оорунун жеңил жана оор түрлөрүнө каршы натыйжалуулугу бардык курактык топтор үчүн 79 пайызды түзөрү белгиленди. Синофарм - бул ампулада сенсордук көзөмөлдү орноткон биринчи вакцина. Вакцина кызытылганда өңүн өзгөртүп, медициналык кызматкерлерге ар бир ампуланын коопсуздугун аныктоого мүмкүндүк берет.

Бул ДССУнун каттоосунан расмий өткөн 6-вакцина. Кыргызстанда 29-марттан тарта эмдөө өнөктүгү дал ушул Кытай вакцинасы менен башталган. Көп өтпөй Орусиянын "Спутник" вакцинасы келген. Ал эми май айында "AstraZeneca" вакцинасынын келиши күтүлүүдө.