SerepTV Logo

ДССУ Кыргызстанда коронавирустун штаммдары бар экендигин жокко чыгарбайт

ДССУ Кыргызстанда коронавирустун штаммдары бар экендигин жокко чыгарбайт
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанда коронавирустун жаңы штаммдары бар экендигин жокко чыгарбайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Кубанычбек Моңолбаев билдирди. Анын айтымында, ааламдашуунун доорунда бардык инфекциянын штаммы ылдамдыкта жайылат. “Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанда коронавирустун британиялык же түштүк африкалык штаммдары бар экендигин жокко чыгарбайт. Кандай гана вирус болбосун ал жайылганда мутацияга кабыларын түшүнүшүңүздөр керек. Роспотребнадзордун маалыматына ылайык, Орусияда коронавирустун 5 миңден ашык түрү аныкталган. Дүйнөдө бул көрсөткүч алда канча жогору. ДССУ Кыргызстанга коронавирустун жаңы түрүн аныктоочу жаңы реактивди берген. Өлкөдө коронавирустун штаммдары катталганын биз так айта албайбыз, аны Саламаттыкты сактоо министрлигинен тактаса болот”, - дейт ал. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова министрлик тарабынан Орусия жана Улуу Британияга анализдин үлгүлөрү жиберилгенин айтат. “Бизде кайсы түрү бар экендигин аныктоо үчүн биоматериалдар Орусияга жиберилген. Анын жыйынтыгы келгенде гана коронавирустун кайсы штаммы өлкөдө бар экендигин айта алабыз. Ал эми бизге берилген жаңы реактив алгачкы текшерүүдөн өттү. Ошондой эле Германиядан келген адистер Улуттук фтизиатрия борборунун лабораториясында вирустун геномун секвенирлөөгө болору тууралуу жыйынтык чыгарган. Бул лаборатория коопсуздук боюнча үчүнчү даражада турат. Биз бул багытта медкызматкерлерди да окуттук. Секвенирлөө үчүн керектүү геагенттер керектигин да белгилегим келип турат. Ал геагенттерди алууга жардам берүү боюнча Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна кайрылганбыз. Биз ошол геагентти күтүп жатабыз”, - деди Акматова. Акматова керектүү геагент келгенде өлкөдө коронавирустун кайсы штаммы бар экендигин аныктаса болорун кошумчалап кетти.
edita