Дөөлөт Сыдыков Ошто үч күн манас айтты (сүрөт)
Манасчы Дөөлөт Сыдыков Ош шаарында уюштурулган үч күндүк манас айтуу иш-чарасында үч күн манас айтты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов жана шаар тургундары катышып, манасчы Дөөлөт Сыдыковго жакшы тилектерин айтышты. Ошондой эле шаар башчысы үй-бүлөсүнүн атынан манасчыга акчалай сыйлык тапшырып, Ош мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйлады.
Белгилей кетсек, Дөөлөт Сыдыков өткөн жылдын 13-ноябрында Бишкектин борбордук аянтында 14 саат 27 мүнөт манас айтып, Гиннесстин рекорддор китебине кирген.