Доллар көтөрүлдү. Улуттук банк сатыкка дагы 30,6 миллион доллар чыгарды
Улуттук банк март айындагы биринчи интервенцисын жасап, кечээ 11-мартта сатыкка дагы 30,6 миллион доллар чыгарды. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында жарыяланды.
Белгилей кетсек, интервенция доллардын курсун кармап туруу үчүн жасалат. Учурда акча алмаштыруучу жайларда доллар 84,89 сомдун тегерегинде болуп жатат. Улуттук банктын расмий сайтында доллардын курсу 84,80 сом деп турат.
Акыркы интервенцияны өлкөнүн башкы банкы 4-февралда жүргүзгөн. Анда 38 миллион доллар чыгарылган.
Ал эми өткөн жылы Улуттук банк 29 интервенция жүргүзүп, 467 миллион 150 миң долларды саткан болчу.