Билим берүү министри: "Эмдиги жылы китеп чыгарууга 2 миллиард сом бөлүнөт"
Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева 2025-жылы китеп чыгарууга 2 миллиард сом жумшаларын айтты.
Билим берүү жана илим министринин айтымында 2024-жылы өлкө аймагында жаңы 140 мектеп, 78 бала бакча бакча салынган. Ушул жылы 350 миллион сом китеп чыгарууга жумшалган.
"2025-жылы - китеп чыгарууга 2 миллиард сом бөлүнгөнү жатат. Андан сырткары, мектептерде 12 жылдык билим берүүгө өтүү пландаштырылууда", - деди Кендирбаева.
Мектептерде ата-энелерден акча чогултуу токтотулганын айткан министр: "Быйыл биринчи жолу өлкө тарыхында электрондук аттестат бериле баштады, электрондук күндөлүктү киргиздик. Санариптештирүү иш-аракеттеринин алкагында "Тунгуч" онлайн мектеп ачылды. Андан тышкары, алдыда дуалдык билим берүү, онлайн кесип тандоо киргизилет", - деп кошумчалады.