SerepTV Logo

Депутат Сулайманов: "Дары-дармекке көзөмөлдү күчөтүү керек"

Депутат Сулайманов: "Дары-дармекке көзөмөлдү күчөтүү керек"

"Дары-дармекке көзөмөлдү күчөтүү керек". Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов («Ата-Журт Кыргызстан») жыйында билдирди.

Ал «Дары-Дармек» мобилдик тиркемеси иштеп жатканын айтып: "Бул жакшы тиркеме. Бирок бүгүнкү күндө контрафакт дары-дармектердин тараган фактылары катталууда. Силер өзүңөр көрүп жатасыздар. Дарылардын бүт системасында көзөмөлдү күчөтүү керек — дары киргенден баштап бейтапка берилгенге чейин. Мындай дарылар натыйжа бербейт", — деди.

Сулайманов ошондой эле жеке менчик клиникалардын ишин бирдиктүү стандартка келтирүү керектигин кошумчалады: "Бардык медициналык документтерди бирдиктүү стандартка келтирүү жана тил мыйзамына ылайык иштөөсүн камсыз кылуу керек".

info