Депутат шаардык кеңешке кайра шайлоо менен парламенттик шайлоону бириктирүүнү сунуштады
Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйында депутат Мирлан Маматалиев жыйынтыгы жокко чыгарылган 3 шаардагы шаардык кеңешке кайра шайлоо менен парламенттик шайлоону бириктирүүнү сунуштады.
"Өзүбүзгө маалым болгондой Бишкек, Ош, Токмок шаарларындагы шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Кайра шайлоо болгону жатат. Президент 1 айда указ чыгарышы керек. 45 күнгө шайлоо мөөнөтү берилет. Ошентип август айына жетип калат экен. Кийинчерээк Жогорку Кеңештин шайлоосу болот. Мына ошону бириктирүүнү сунушун сиздерге айтайын деген элем. Анткени биринчиден, каржы маселеси, экинчиден, жайында ансыз деле эл жок болот бул шаарлардачы. Эл шайлоодон деле тажап калды. Шайлоонун артынан шайлоо кыла беребизби? Ошону карап чыксаңыздар жакшы болот эле",- деди ал.