SerepTV Logo

Депутат пенсионерлерди жумуштан кетирүүгө укук берүүнү сунуштоодо 

Депутат пенсионерлерди жумуштан кетирүүгө укук берүүнү сунуштоодо 
Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов иш берүүчүлөргө пенсионерлерди жумуштан кетирүүгө укук берүүнү сунуштоодо. Депутат мындай оюн Эмгек кодексинин долбоорун талкуулоо учурунда билдирди. “Пенсия курагына жеттиби, андан кийинки кадрларды жумуш менен камсыз кылалы. Жетекчи мыйзам чегинде кол алдындагы пенсионерлерди жумуштан кетире албай жатат. Кетирсе да алар соттошуп, кайра келип алууда. Андан да мажбурланган "прогул" үчүн компенсация төлөттүрүп жатат”, — деди эл өкүлү.