Депутат окуучулардын жазгы каникулу өзгөрүп кеткенине нааразы болду
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо окуучулардын жазгы каникулу өзгөрүп кеткенине нааразы болду.
Быйыл мектеп окуучулары жазгы каникулга 17-марттан 23-мартка чейин тарашат.
"Мурда бул каникул 21-марттан 1-апрелге чейин болчу. Ата-энелердин көбү аны мурдагыдай калтырууну суранышууда", — деди ал.