Депутат: "Өкмөт чек ара жаңжалында барымтага алынгандарга кенемте төлөгөн жок"
Кыргыз өкмөтү чек ара жаңжалы учурунда барымтага алынгандарга компенсация төлөгөн жок. Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, тажик аскерлери тарабынан колго түшкөн Кыргызстандын жарандарына 80 миң сомдон берилет деген убада берилген.
«Бирок аларга азырынча эч нерсе төлөнө элек. Азыр алар Улуттук госпиталда дарыланып жатышат »,- деди эл өкүлү.
Ошондой эле ал Лейлек районунун Саада айылынын көйгөйлөрүнө көңүл бурууга чакырды.
«Бир жолу айылга 1 миллион сомго ичүүчү суу үчүн колонка орнотулган. Бирок дагы деле бир тамчы суу жок. Жооптуу адамдарды текшерип, жазалоо керек. Мындан тышкары, айыл Тажикстандан электр энергиясын жогорку тариф менен алат, ошол эле учурда биздин көмөк чордондорго туташуу мүмкүнчүлүгү бар», - деп кошумчалады Карамушкина.