SerepTV Logo

Депутат: "Мурунку башкы прокурор каякта жүрөт? Барбы деги?"

Депутат: "Мурунку башкы прокурор каякта жүрөт? Барбы деги?"
Бүгүн, 20-апрелде Конституциялык мыйзамдар жана Укук тартиби комитеттеринин биргелешкен жыйыны өтүп жатат. Ага башкы прокурор Курманкул Зулушев катышууда. Жыйында депутат Зарылбек Рысалиев Курманкул Зулушевден мурунку башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун каякта экенине кызыкты. Депутат: Мурунку прокурор Өткүрбек мырза каякта жүрөт? Барбы деги? Башкы прокурор: Өткүрбек Жамшитов Кыргызстанда эле болуш керек... Депутат: УКМК угуп атасыңарбы? Каякта жүрөт ал киши? Аны издеген бирөөлөр барбы же жокпу? Башкы прокурор: Өткүрбек Жамшитов боюнча эч кандай факты, каттоо, издөө маселеси жок. Ошондуктан ал эл катары эркин жашоодо. Депутат: Менде мындай "сомнение" болуп атат. "Свой-чужой" деген принцип ойноп жаткан жокпу? Башкы прокурор депутаттан ал кылмышка аралашкан болсо, ачык айтуусун өтүндү. Ал эми депутат органдарда иштеген адам кимдин эмне кылганын айттырбай эле билиши керек экенин, анын кандай иштери бар экенин санап бер десе, санап берерин айтып, ушуну эске алуусун өтүндү.