SerepTV Logo

Депутат: "Милиция Айзаданы ала качканын кайдан билди? Балким аны башка ой менен уурдашты"

Депутат: "Милиция Айзаданы ала качканын кайдан билди? Балким аны башка ой менен уурдашты"
Милиция Өчпөс отту өчүргөн баланы 2 саатта тапты. Ал эми Айзаданы 2 күн издеп табышкан жок. Бул жерде негизинен изделдиби же изделбедиби деген суроо жаралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Бурун Аманова билдирди. "Ала качуу деген беренени коюп, отурушту. Бул ала качуу экенин кайдан билди? Балким ал башка ой менен салып кетти. Эмне үчүн ала качуу деген беренени коюп алып, кайдыгер карап отурушту? Бул жерде ИИМдин башчысы жана башка жетекчилердин кызматтык орундары туура келеби деген ой жаралып жатат. Бул биринчи окуя эмес", - деди ал. Мындан тышкары ал ИИМдин өкүлдөрүн отчет берүүгө буйруду.
edita