Депутат: "Кыргызстандын чек арасынан труба менен Өзбекстанга суу өтүп жатыптыр"
Өзүбүздүн элге суу жеткире албай жатсак, Өзбекстанга суу өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев билдирди.
"Ноокен районундагы эки айыл өкмөткө - Момбеков менен Ноокенге Майлуу-Суунун сайынан канал келет. Биз Өзбекстан менен чек аралашпыз. Мага элдин өкүлү катары видеолорду жөнөтүп, арыз беришти да. Чек арадан кадимкидей труба менен аркылуу зым тартылган Өзбекстан жакка суу өтүп кетип жатыптыр. Азыр өзүбүздүн элибизге суу жеткире албай жаткан кезде, Өзбекстанга сууну эми сатып жатат дейбизби, иши кылса, мыйзамсыз суу өтүп жатат. Ушуга ким жооп берет",- деди.