SerepTV Logo

Депутат кыргызстандык 7 жаран Мьянмада кулчулукта болгонун билдирди

Депутат кыргызстандык 7 жаран Мьянмада кулчулукта болгонун билдирди

Кыргызстандын 7 жараны Мьянмада кулчулукка кабылган. Бул тууралуу депутат Чыңгыз Ажыбаев 14-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди. 

"Маалыматыңар барбы?"- деп сурады.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Ализа Солтонбекова мындай маалымат жок экенин айтты. 

«Алар 11-апрелде бошотулуп, мекенине жөнөтүлгөнүн жазышууда», - деди депутат.

Ажыбаев тергөө жүргүзүү талабы менен президенттин өкүлүнө кайрылды.

11-апрелде Өзбекстандын жана Казакстандын Таиланддагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн көмөгү менен Өзбекстандын 2 жараны, Казакстандын 4 жараны жана Кыргызстандын 7 жараны мекенине кайтарылганын өзбек басылмалары жазып чыгышкан.