Депутат: "Кыргызстандагы алтын кендерди чет өлкөлүктөргө белек катары берип салгандардын иши чыккынчылыкка жатабы?"
Бүгүн, 20-апрелде Конституциялык мыйзамдар жана Укук тартиби комитеттеринин биргелешкен жыйыны өтүп жатат. Ага башкы прокурор Курманкул Зулушев катышууда.
Жыйында депутат Зарылбек Рысалиев башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, жакында эле УКМК тарабынан чыккынчылыкка шектелип 2 жаран кармалганын, башкы прокурор кайсы киши мамлекетке чыккынчылык кылды деп айтса болоруна кызыкты. Суроого УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары жооп берди. "Кыргыз Республикасынын тышкы коопсуздугуна зыян келтирип, мамлекеттик же аскердик сырды айтуу, тыңчылык же башка жардамды чет мамлекетке же уюмга берүү", - деди ал.
"Кумтөр бүгүн канадалык атуулдарда. Ал жердеги 717 тонна алтын, Жер-Үй 80 тонна алтын, Бозумчак , Терек-Сай, Солтон-Сары, Талды-Булак... Баары чет элдик жеке ишкерлердин колунда. Аларга биздин кечээ, бүгүнкү кызматта турган чоң кызматкерлер баш оту менен белек катары берип салган. Бул чыккынчылыкка жатабы?", - деп сурады Зарылбек Рысалиев.
УКМКнын өкүлү муну чыккынчылыкка жатат деп айтууга далил болуш керек экенин айтты.