Депутат Карамат Орозова ОшМУнун мугалимдери министрликке нааразы болуп жатышканын айтты
Ош мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинин эмгек жамааты орус тили предметинин сааты кыскартылганын жазышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылдын ноябрь айында ага ОшМУдан кат келген. Ал катта эмгек жамаат Билим берүү министрлиги алардын саатын кыскартып жаткандыгын жазган.
“Ош мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинин эмгек жамаатынан кат келип түшкөн. Ал катта Билим берүү жана илим министрлигинин 448-буйругу менен орус тили предметинин сааты кыскартылганы жазылыптыр. Мен бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кат менен кайрылгам. Кыскартуу боюнча кат жиберишиптир. Мен көйгөйдү чечсин деп кат жөнөткөм. Министр өзү бул катты окуса мындай жооп келбейт эле. Дүйнөлүк мамиле орус тилде жүргүзүлөт. Аймактарда орус тил мугалими жетишпегендиктен башка мугалимдер сабак берип жатышат", - деди депутат.