SerepTV Logo

Экс-депутат Исхак Масалиев коронавирус жуктуруп алганын, анализдерге баш-аягы 22 миң сом коротконун айтат

Экс-депутат Исхак Масалиев коронавирус жуктуруп алганын, анализдерге баш-аягы 22 миң сом коротконун айтат
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев COVID-19 вирусуна чалдыкты. Бул тууралуу ал өзү Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди. “7 күндөн бери изоляциядамын. Канчалык этият болгонум менен, баары бир бул вируска чалдыктым. Баары жакшы, эч кандай кыйынчылыктар жок. Бирок текшерүү процедурасы (тесттерди тапшыруу)  республикада пандемияга каршы күрөш жана диагноз коюу системасы начар экендигин көрсөттү. Биринчиден, анализдердин баасы кымбат, көпчүлүк жарандардын каражаты ага жетпейт. Мисалы, менин анализдеримдин жыйынтыгы аркы-беркиси менен 15 миң сомдой болду. Акысыз карап жыйынтык чыгарып берүү адам оорлошуп бара жатканда гана жүргүзүлөт. Оорунун диагнозун милдеттүү чыгарып берүүну акысыз же минималдуу баада кылыш керек. Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикасы чындыкка дал келбейт деп ишенимдүү айта алам. Тилекке каршы, адамдар бул жугуштуу ооруну өтүштүрүп жиберүүдөн улам бул дүйнө менен кош айтышып жатат. Экинчиден, байланышта болгон жарандардын диагнозун коюунун деле кажети жок окшойт. Мисалы, мен жеке өзүм сурадым, ошондон кийин гана медициналык бригада келип (аларга чоң рахмат), жакын адамдарымдан анализ алышты. 7 кишинин анализинин акчасын төлөө мен үчүн дагы кыйын болду. Үчүнчүдөн, биздин министр шоу жараткандын ордуна вируска каршы чыныгы күрөш үчүн бюджеттен кошумча каражат бөлүүнү талап кылышы керек.  Албетте, адамдардын 99 пайызы коронавирустан айыгып кетишет, бирок бул аларга жана алардын үй-бүлөлөрүнө кандай зыян келтирет?  Учурдан пайдаланып, баарына кайрылам - өзүңүзгө кам көрүңүз, эмдөөдөн өтүңүз, этият болуңуз!” - дейт Масалиев.
Unknown Author