Депутат: "Эски аянттагы Лениндин айкелин Усубалиевдин эстелигине алмаштыруу керек"
Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Бишкектин эски аянтындагы Лениндин айкелин Турдакун Усубалиевдин эстелигине алмаштырууну сунуштады.
Анын айтымында, мындай өтүнүч менен ага Кочкор районунун тургундары кайрылышкан. "Баарыбызга белгилүү болгондой, 2020-жылы эски аянтка Турдакун Усубалиевдин атына берилген. Усубалиевдин мамлекеттин калыптанышына, өнүгүшүнө зор салым кошкон инсан", - деди Сыдыгалиев.
Мындан тышкары, депутат Бишкектин төрт районунун атын өзгөртүү маселесин көтөрдү. Нурбек Сыдыгалиев борбор калаадагы райондорго өлкөнүн маданий-тарыхый мурасын чагылдырган аталыштарды берүү керек деп эсептейт.