Депутат: "Бишкекте селсаяктар жайнап кетти"
Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов Бишкектеги "Ош базарынын" аймагында селсаяктар көбөйүп кеткенин айтты.
"Окуучулар мектепке баргандан коркуп жатышат. Селсаяктарды убактылуу кармап, тамак-аш берген жерлер барбы? Шаардын көркүн бузушууда. 5-6дан чогулуп, арак ичишип, жайнап кетти. Катуу иштесеңер", - деди ал.