Депутат Бишкекте жарандар автобустарды 1 саат күтүп жатканын айтты
Бүгүн, 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакытбек Марипов Бишкектеги коомдук транспорт маселесин көтөрдү.
"Коомдук транспорттордун аралыгы узак болуп жатыптыр. Жакындатуу керек. 1 саат күтүп жатабыз дешти. Келсе, ичинде киши көп батпай, кийинки автобусту күтүп жатабыз деди. Эртең менен кечинде аралыгын кыскартсак",- деди ал.
Ал ошодой эле автобустарда накталай эмес төлөөдө көйгөйлөр жаралып жатканын айтты.