SerepTV Logo

Депутат Баш мыйзам боюнча долбоордун мазмуну өзгөрүп кеткенин билдирди

Депутат Баш мыйзам боюнча долбоордун мазмуну өзгөрүп кеткенин билдирди
Бүгүн, 3-мартта, Жогорку Кеңеште Баш мыйзамдын жаңы редакциясы  боюнча референдумду дайындоо мыйзам долбоору каралып жатат. Отурум учурунда чыгып сүйлөгөн депутаттардын көпчүлүгү Баш мыйзамдын жаңы редакциясына каршы экенин билдиришти. Эл өкүлү Рыскелди Момбеков мыйзам долбоорунун мазмуну алмашып кеткенин айтты. "Мурда 80 депутат демилгелеген мыйзам долбоору башка болчу, бул мыйзам долбоору башка, ошо себептен алар унчуга албай отурат. Эртең бул депутаттар "мыйзамга мен кол койгон эмесмин" деп секирип кетет", - деди Момбеков. Каныбек Иманалиев бүгүн демилгечи катары чыккан эки депутат колун кайра чакырып алганы белгилүү болгонун айтып, мыйзам долбоорун юридикалык жактан туура эмес деп баалады. Депутат долбоордун мамлекеттик тилдеги варианты одоно каталар менен жазылганын кошумчалады. Төрага Талант Мамытов депутаттарды Баш мыйзамдын долбоору боюнча суроо бербөөгө чакырды. Ал күн тартибинде референдум боюнча гана мыйзам долбоору турганын эскертти. «Сиздер референдум тууралуу суроо берсеңиздер туура болот. Биз азыр Конституциянын долбоорун талкуулап жаткан жокпуз. Өзүңөр билгендей, Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоорунун демилгечилери катары бир катар депутаттар чыккан. Кийин кээси коркуп, кол коюудан баш тартты. 10-январда өткөн референдумдун жыйынтыгы боюнча эл президенттик башкарууну тандап алды, долбоор ушул багытта даярдалган. Бир Баш мыйзамга бардык учурларды камтуу мүмкүн эмес», — деп түшүндүрдү төрага. Белгилей кетсек, Конституциянын жаңы долбоорун парламент талкуулаган. Кийин ал конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана соттук-укуктук маселелер комитетинде каралган.
Unknown Author