Депутат: "Балдарыбыз "Лабубу" сыяктуу мультфильмдерди көрүп тарбияланып жатат"
Жогорку Кеңештин бүгүн, 3-сентябрындагы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо кичинекей балдарга кыргыздын духун көтөрө турган мультфильмдер көрсөтүлбөй жатканын айтты.
"Бүгүнкү күндө кыргыздын ар бир үйүндөгү кичинекей бала "Лабубу", Настя, Чики, Ча-Ча деген сыяктуу мультфильмдерди көрүп тарбияланып жатышат. Улуттун баатырдык духун көтөрө турган "Эр Төштүктү" көрсөтө турган мезгил келди деп ойлойм. Бул маанилүү жана зарыл деп эсептешибиз керек", - деди депутат.