Депутат Асылбек Жээнбековдун тарапташтары Кара-Кулжада митинг өткөрүштү
Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа райнундагы жергиликтүү тургундар кечээ, 1-июнда кечки саат 18:30да Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун кармалышы боюнча митинг башташты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев кабарлады.
Райондун борборуна 150 ашуун адам топтолуп Асылбек Жээнбековдун иши боюнча талаптарды коюшту. Чогулган эл камалган эл өкүлү үй камагына чыгарылсын жана саясий куугунтук болбосун дешти. Кийин саат 22:00 чамасында үйлөрүнө тарашкан. Бүгүн, 2-июнда саат 12де кайра чогуларын айтышууда.