SerepTV Logo

Депутат Ашимова: "Медициналык калдыктар – көңүл бурбай коюуга болбой турган маселе!"

Депутат Ашимова: "Медициналык калдыктар – көңүл бурбай коюуга болбой турган маселе!"
"Медициналык калдыктар боюнча мыйзам – биздин ден соолук үчүн маанилүү кадам". Бул тууралуу депутат Динара Ашимованын соцтармактагы баракчасында жарыяланган билдирүүдө жазылат. Күн сайын оорукана, дарыкана, лабораторияларда миңдеген медициналык калдыктар пайда болот: шприцтер, ийнелер, кан менен булганган бинттер, эски дарылар. Эгер булар туура эмес чогултулуп, ташталып же күйгүзүлбөсө – элдин ден соолугуна, балдардын жашоосуна жана табиятка чоң коркунуч жаралат!
Кооптуу кесепеттери:
– Инфекциялардын жайылышы (гепатит, ВИЧ)
– Жаныбарлар жана адамдар ууланат
– Суу, топурак, аба булганат
– Балдар колдонулган ийнени таап ойношу мүмкүн!
Жогорудагы жагдайларды эске алып, атайын мыйзам чыгарууну туура көрдүм. Мыйзам эмне үчүн керек?
Бул мыйзам:
? Медициналык калдыктарды сорттоо, ташуу жана жок кылуу эрежелерин так аныктайт;
? Тиешелүү мекемелерди жооптуу кылат;
?‍?‍?‍? Сиздин, үй-бүлөңүздүн жана балдарыңыздын ден соолугун коргойт.
info