SerepTV Logo

Денис Петрашов Токио Олимпиадасында Кыргызстандын рекордун жаңылады

Денис Петрашов Токио Олимпиадасында Кыргызстандын рекордун жаңылады

Сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов Токиодогу Олимпиада оюндарында Кыргызстандын жаңы рекордун койду.

24-июлда кыргызстандык 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүздү. Петрашов төртүнчү топ менен старт алып, 1 мүнөт 0,23 секунд жыйынтыгы менен 3-орунда келди. Бул жыйынтык Кыргызстан үчүн ушул аралыкта жаңы рекорд болуп калды.

Буга чейин өлкөнүн рекорду 1 мүнөт 0,94 секундду түзүп, Денис Петрашовго таандык болгон, ал 2019-жылы жайында Олимпиадага жолдомо утуп алганда Дүйнөлүк суу спорту боюнча чемпионатка катышкан. Токиодо брасс ыкмасы менен 100 метр аралыкта Денис Петрашов 27-орунду ээлеп, жарым финалга чыга алган жок.