SerepTV Logo

Дем алыш күндөрү Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт

Дем алыш күндөрү Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт
Бишкекте 6-7-март күндөрү айыл чарба продукцияларынын жарманкеси болот. Бул тууралуу өкмөттүн Telegram каналына жарыяланды. Жарманке эртең менен саат 10:00дө башталат. Азык-түлүккө болгон баа:
  • Уйдун эти — 390-405 сом;
  • Жылкынын эти — 380-390;
  • Койдун эти — 400-405;
  • Тооктун эти — 200-210;
  • Өсүмдүк майы — 120-125;
  • Жумуртка 10 даана — 85-88;
  • Үй жумурткасы 10 даана — 90-95;
  • Кумшекер — 55-60;
  • Күрүч — 55-60;
  • Алма — 30-50;
  • Сабиз — 12-15;
  • Картошка — 22-25;
  • Пияз — 15-16.
Өкмөттөн белгилешкендей, сүт азыктары, ун жана башка товарлар базар баасынан 10-15 пайызга арзан болот. Жарманкелер өтө турган аймактар:
  • Раззаков көчөсүнүн Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн чектешкен аймагында;
  • 12-кичи райондогу Жетикашкаев жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишкен бөлүгүндө;
  • Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде (Чыгыш-5 кичи району).
 
edita