SerepTV Logo

Декабрдын аягынан тарта Орусиядагы мигранттар милдеттүү түрдө дактилоскопиядан өтүшү керек болот

Декабрдын аягынан тарта Орусиядагы мигранттар милдеттүү түрдө дактилоскопиядан өтүшү керек болот

Орусиянын аймагындагы бардык эмгек мигранттары үчүн үстүбүздөгү жылдын 29-декабрынан баштап, манжа издерин тапшыруу (дактилоскопия) милдеттүү түрдө киргизилет. Бул тууралуу Орусиялык ЖМКлар ИИМге шилтеме берүү менен жазып чыгышты. 

Жаңы эреже Орусияга каалаган максатта 90 күндөн ашык убакытка барган адамдарга да милдеттендирилет. 

"Ички иштер министрлиги кошумчалагандай, мыйзам орус тили, орус тарыхы жана орус мыйзамдарынын негиздери сынактары сыяктуу талаптарга федералдык мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашырууну да карайт. Чет элдиктер үчүн электрондук маалымат ташуучу менен бирдиктүү документти киргизүү пландалууда",- деп айтылат маалыматта.