SerepTV Logo

Дастан Бекешев депутаттардын президент менен жолугушуусу тууралуу айтып берди

Дастан Бекешев депутаттардын президент менен жолугушуусу тууралуу айтып берди

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Телеграм-каналында кесиптештеринин президент Садыр Жапаров менен жолугушуусу жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, жолугушууда пикир алмашуу болгон. Пикир алмашуу айрыкча шайлоо мыйзамдары жөнүндө болгон. Эл өкүлдөрү өз сунуштарын мамлекет башчысына айтышкан. 

Маалыматка караганда эл өкүлү президентке добуш сатып алууну түп-тамырынан бери жоготуу боюнча сунушун айткан. Ал Ички иштер министрлигинде же БШКда пара алуу жөнүндө билдирүүлөр материалдык жактан бекемделип, тергөө аяктагандан кийин жана күнөөлүүлөрдү сот жообуна тарткандан кийин, айып пулдун жарымын добуш сатып алуу жөнүндө айткан адамга берүү керек деп эсептейт. Дастан Бекешев ошондо шайлоочуларга пара берүү менен алектенгендерди айтууга кызыкдар болот деп эсептейт. Ал сыйлык катары 10 миң сом төлөп берүүнү сунуштайт.

«Ошондо гана акыйкат күрөш болот. Президент менин сунушума кызыгып, ал тургай жазып алды. Бирок, менимче, бизде кабыл алууга үлгүрбөйбүз, анткени кодекстерге өзгөртүү киргизүү керек», - деди ал.

Мындан тышкары, эл өкүлү кечээки отурумда Садыр Жапаровго ода ырдаган айрым кесиптештерине боору ооругандыгын мойнуна алды.