Дарыгерлердин “кызыл зонада” иштөөсү бир айга узартылабы? Расмий жооп
Медицина кызматкерлери “кызыл зонада” 14 күн эмес, бир ай иштей турган болду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысынын орун басары Бактыгүл Исмаилова билдирди.
“Медицина кызматкерлерин бир ай иштетүүгө муктаждык жок. Учурда кызматкерлер жетиштүү. Буга чейин "кызыл зонадагылар" 14 күн иштеп, 7 күн обсервацияда болушса, учурда да ошондой режимде иштеп жатышат. Атүгүл, дарыгерлер “кызыл зонага” кирип иштөө үчүн кезекте турушат”, - дейт Исмаилова.