SerepTV Logo

Дарыгерлер коронавирустун белгилери байкалганда антибиотик менен гормон ичпөөнү сунушташат. Анда эмне кылуу керек?

Дарыгерлер коронавирустун белгилери байкалганда антибиотик менен гормон ичпөөнү сунушташат. Анда эмне кылуу керек?

COVID-19 башталганда антибиотиктерди жана гормоналдык препараттарды ичүүгө болбойт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин штаттан тышкаркы инфекциялык адиси Айнура Кутманова маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, алар оорунун курчушуна алып келиши мүмкүн. «Бул дарылардын өз көрсөтмөсү бар жана стационардагы бейтаптар үчүн берилет. Ошондой эле, вируска каршы дарыларды колдонбоңуз. Алардын натыйжалуулугу далилденген жок», - деди ал.

Эгерде үй-бүлөдөн кимдир бирөө ооруп калса, анда карантиндик эрежелерди сактоо керек: бет кап тагынып, оорулуу адамга бөлмө бериңиз, идиш-аякты бөлүп алыңыз, бөлмөнү тез-тез желдетип, нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүңүз. "Температура, кургак жөтөл, жыттын жоголушу - бул Тез жардам чакыруунун көрсөткүчү эмес, амбулатордук негизде көрүнүү керек", - деди ал.

Вирустук инфекциянын алгачкы белгилери пайда болгондо 118ге чалыңыз.

"Эгерде дене тап 38,5тен жогору көтөрүлсө, анда сиз дене тапты түшүрүүчү дары-дармектерди (парацетамол жана ибупрофенди ар бир 6 саат сайын) колдонсоңуз болот", - деди ал. Айнура Кутманованын айтымында, жөтөл пайда болгондо көп адамдар антибиотиктерди иче башташат. "Бул туура эмес. Суу ичиңиз, жөтөлгө каршы чөптөн жасалган дарыларды колдонуңуз, чалкаңызга жатпастан, капталыңызга, көмкөрөңүздөн жатыңыз», - деп сунуштайт ал.

Өнөкөт оорулары барлар мурун ичип жүргөн дарыны ичүүнү улантуу керек. Эгерде белгилер байкалса, анда дарыгериңизге кайрылыңыз.