SerepTV Logo

Данияр Иманалиев экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалды

Данияр Иманалиев экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалды
Экономика жана финансы министринин орун басары болуп Данияр Иманалиев дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Данияр Иманалиев буга чейин Президенттин аппаратынын стратегиялык өнүгүү, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы болчу. Ал бул кызматтан 8-апрелде бошотулган болчу.
edita