"Дагы эки альпинист байланышка чыкпай калган". Туристтик компания Жеңиш чокусундагы трагедия боюнча маалымат берди
“Ак-Сай Трэвел” туристтик компаниясы Жеңиш чокусунда калып калган орусиялык альпинист Наталья Наговицына боюнча комментарий берди.
"Борбордук Азияда Орусия, Италия, Германия жана Ирандын альпинисттеринин катышуусунда трагедиялуу окуялар катталды. Кыргызстандан жана чет өлкөдөн келген күчтөрдүн катышуусунда болуп көрбөгөндөй куткаруу операциясы дээрлик эки жумага созулду",- деп айтылат маалыматта.
Окуянын хронологиясы:
- 12-августта Орусиянын жараны Наталья Наговицына 7200 метр бийиктикте бутун сындырып алган. Анын жанындагы Роман Мокринский биринчи жардам көрсөтүп, жардам чакыруу үчүн ылдыйга түшкөн.
- 13-14-августта жабыркаган аялга италиялык Лука Синигалья менен Германиядан келген Гюнтер Зигмунд чыккан. Алар ага уктоочу баштык, тамак-аш жана газ жеткирип беришкен. Бирок аба ырайына байланыштуу алардын жолу бөгөттөлүп калган.
- 15-августта Луканын абалы начарлап кеткен. Дарыгерлер анын мээси шишип кеткенин божомолдошкон. Кечинде лагерге жетпей каза болуп калган.
- 16-августта Коргоо министрлигинин Ми-8 учагы 4600 метр бийиктиктеги Дикий ашуусунда катуу конгон. Андагы адамдардын баары аман калган. 4 адам жаракат алып, Караколго жеткирилген.
- 19-21-августта учкучсуз учактар Наговицынада аман экенин катташкан, бирок кар көчкү коркунучу куткаруучулар тобунун ага жакындашына тоскоол болгон.
- 23-августта аба ырайынын кескин начарлашынан жана куткаруу тобунун жетекчисинин ден соолугунун начардыгынан куткаруу операциясын токтотууга аргасыз болушкан.