Дагы 4 партия Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда
«Республика», «Реформа», «Социал-демократтар» жана «Ыйман нуру» партиялары президент Садыр Жапаровго кайрылып, Бишкек шаардык кеңешине кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылышты. Алар 11-апрелде өткөн шайлоо адилетсиз, одоно мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн айтышты.
11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо жана жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өткөн. Алдын ала маалыматтар боюнча Бишкек шаардык кеңешке алты партия, Ошко төрт партия өткөн. Шайлоонун расмий жыйынтыгы 2-майга чейин чыгарылышы керек болчу. Бирок Бишкек АШК НДПК партиясы сотко бергенине байланыштуу токтотулган болчу.