SerepTV Logo

Дагы 162 адамга коронавирус жукту. Оорудан каза болгон учур катталган жок

Дагы 162 адамга коронавирус жукту. Оорудан каза болгон учур катталган жок
Бүгүн, 2-апрелде Кыргызстанда дагы 162 адамдан COVID-19 тастыкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Алар: - Бишкек шаарында 112; - Чүй облусунда 39; - Ысык-Көлдө 7; - Ош шаарында 1; - Ош облусунда 1; - Баткенде 1; - Жалал-Абадда 1. Акыркы суткада илдеттен каза болгондор катталган жок. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 88 миң 700 адам COVID-19 диагнозу менен катталса, 1500 бейтап каза болду.
edita